super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Жогорку Кеңешти таратууга кайсы депутаттар кол койду? Тизме

 

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңешти таркатууга макулдугун берип, 32 депутат кол койгонун жергиликтүү басылмалар билдиришүүдө.

Алар:

  1. Нурланбек Азыгалиев - ЖКнын төрагасынын орун басары.
  2. Нурбек Сыдыгалиев - ЖКнын төрагасынын орун басары.
  3. Марлен Маматалиев.
  4. Жылдыз Садырбаева.
  5. Кундузбек Сулайманов.
  6. Азамат Исираилов.
  7. Таалайбек Масабиров.
  8. Улан Примов.
  9. Азизбек Турсунбаев.
  10. Данияр Толонов.
  11. Алишер Козуев.
  12. Бактыяр Калпаев.
  13. Чынгыз Ажибаев.
  14. Аманкан Кенжебаев.
  15. Гулсункан Жунушалиева.
  16. Нилуфар Алимжанова.
  17. Саидбек Зулпуев.
  18. Лейла Лурова.
  19. Чолпон Султанбекова.
  20. Балбак Тулобаев.
  21. Равшанбек Рысбаев.
  22. Кубанычбек Самаков.
  23. Жанар Акаев.
  24. Русланбек Жакышов.
  25. Суйунбек Омурзаков.
  26. Джайлообай Нышанов.
  27. Гулкан Молдобекова.
  28. Марат Мураталиев.
  29. Арсланбек Эгембердиев.
  30. Акбокон Таштанбеков.
  31. Айжигит Тыналиев.
  32. Арсланбек Малиев.

Мындан үч күн мурун 12-сентябрда Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлгөнү айтылып, эл өкүлдөрүнөн кол топтолуп жаткандыгы маалым болгон.

Буга чейин депутат Исхак Масалиев парламент тарай турганын кыйыткан билдирүү жасаган. Анын билдирүүсүнөн кийин күзүндө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрү жөнүндө сөздөр күчөдү.

Коомчулукта парламент тарашы мүмкүн делген кептер февраль айында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганда айтыла баштаган. Кийинчерээк, март айында аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңеш тууралуу айтылган кептерди четке каккан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: