Базар-Коргондо 6,4 миллион сомдук соода борбору мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абаддын Базар-Коргон шаарындагы "Каныкей" соода борбору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган соода борбор жана ага тиешелүү жер тилкеси мыйзамсыз сатуу жана сатып алуу келишимдеринин негизинде жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.
Архивдик документтерди салыштырып көрүүдө айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чыгарылган буйруктардын каттоо журналында 6,4 миллион сомдук соода борборуна байланышкан чечимдер катталбаганы, ал эми көрсөтүлгөн буйруктун таптакыр башка адамга тиешелүү экени такталган. Ошондой эле райондук архивдик фонддо да бул объект боюнча эч кандай буйрук жок болуп чыкты.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
