Алмамбет Шыкмаматов канттуу суусундуктарды көзөмөлдөө керектигин айтты (видео)
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов калктын ден соолугун коргоо үчүн канттуу суусундуктарды көзөмөлдөө маанилүүлү экенин айтты.
Ал бул тууралуу кечээ, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Салык кызматынын башчысынын айтымында, жасалма суусундуктар керектөөчүлөрдүн ден соолугуна дароо зыянын тийгизбеши мүмкүн, бирок анын таасири убакыттын өтүшү менен байкалат.
"Азыр жасалма Coca-Cola ичип, "бир айдан же бир жылдан бери ичип жатабыз, эч ким өлгөн жок, эч нерсе болгон жок" деп жатышат. Бирок анын кесепети 10–15 жылдан кийин билинет. Өнөкөт оорулар, онкологиялык оорулар ошондон болот. Бул өтө маанилүү, анткени аны бүгүн ичип, эртең эле ууланып калбайт. Ал уу эмес да. Бүгүн ичет, эртең дагы ичет, айрыкча кичинекей балдар жакшы көрөт. Эгерде алар жасалма Coca-Cola суусундугун дайыма колдонушса, бул эртеби-кечпи өнөкөт ооруларына алып келет. Бизге мунун эмне кереги бар? Ошондуктан биз буга эмитен катуу чараларды көрүшүбүз керек",- деди Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов канттуу суусундуктарды көзөмөлдөө керектигин айтты
