Эрдоган Израилге каршы катуу санкцияларды киргизүүгө чакырды
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган ислам өлкөлөрүн Израилге каршы катуу санкцияларды киргизүүгө чакырды. Бул тууралуу ал кечээ, 15-сентябрда Катардын Доха шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюму менен Араб мамлекеттеринин лигасынын биргелешкен саммитинде билдирди.
Эрдоган айрым мамлекеттердин Палестинаны таануу ниетин кубаттап, бирок мындай кадамдар Израилге каршы конкреттүү жана күчтүү санкциялар менен бекемделмейин натыйжа бербей турганын белгиледи.
Анын айтымында, Израил күчтүү реакциясыз жана санкциясыз басып алуу саясатын токтотпойт. Ошондой эле Түркия 1,5 жыл мурда Израил менен бардык соода операцияларын токтотуп, жылына 9,5 миллиард доллардан баш тартканын мисал келтирди.
Эрдоган аймактагы туруксуздукту кеңейтүү аракетине каршы биргелешкен чара көрүүгө жана экономикалык басым жасоого чакырды.
