Министр Кулубаев Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитине катышты




Кечээ, 15-сентябрда Доха шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетектеген делегация Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышты. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, саммитке ИКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет, өкмөт, парламент жетекчилери, тышкы иштер министрлери жана эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышты. Жыйын Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин төрагалыгында өтүп, Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаалга арналды.
"Кулубаев президент Садыр Жапаровдун атынан сөз сүйлөдү. Өзүнүн кайрылуусунда министр президент кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөп жатканын жана ушул жылдын 9-сентябрында Доха шаарына жасалган соккуларды катуу айыптаарын белгиледи. Бул аракеттер эгемендүүлүктү одоно бузуу, аймактык бүтүндүккө кол салуу жана тынч мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруу катары бааланды. Ошону менен бирге ал Катар өкмөтүнүн өлкө коопсуздугун камсыздоого багытталган аракеттерин колдой турганын билдирди",- деп жазылат расмий билдирүүдө.
ТИМ башчысы Кыргызстан бардык куралдуу ыкмаларды колдонуу аркылуу жаңжалдарды чечүүгө каршы экенин белгилеп, дүйнөлүк коомчулукту ок атууну токтотууга жана Газа секторундагы жай тургундарга гуманитардык жардам жеткирүүгө шарт түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.
Министр Кыргызстан Палестина элинин өз алдынча чечим кабыл алуу жана көз карандысыз мамлекет түзүү укугун колдоого болгон туруктуу позициясын дагы бир жолу ырастап өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:59
2025-09-17

11:26
2025-09-17

Рейтинг:
0

