Бишкекте кибер алдамчылыкка шектелип 23 жаштагы жигит кармалды





Кибер алдамчылыкка шектелген 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар август айында өздөрүн Улуттук банктын жана УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, 67 жаштагы адамды 600 миң сомго алдап кетишкен. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган шектүү ошол топто болгону аныкталган. Ал активатор ролун аткарып келген.
Тагыраагы, аталган жигит SIM-карталарды өзүнүн атына же башка адамдардын атына каттап, активдештирүү жана номерлерди WhatsApp мессенжерине байлоо менен кийинчерээк үчүнчү жактарга сатып турган.
Анын жанынан уюлдук байланыш операторлоруна таандык 700 активдештирилген SIM-карта табылган. Соттун чечими менен шектүү камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.
