super.kg logo

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 15-сентябрдан 21-сентябрга чейин

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Гаджет же кымбат кийим алып керексиз акча коротуунун туткунунда калышыңыз мүмкүн. Ушунча эле акча короткуңуз келип жатса, окуу курстарына же башка келечекте пайдасы тие турган нерсеге жумшаганыңыз оң. Бул аптада жаңы иш баштабай, мурдагыларын жай ыргакта бүтүргөнүңүз туура. Жумушта майда-чүйдө түшүнбөстүктөр орун алышы күтүлөт, бирок ал чоң чырга айланбайт, абалдан чыга аласыз. Үй-бүлөдө бардык нерсени кеңешип биргеликте чечкениңиз жакшы, өзүм билемдик кылбаңыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Карама-каршылыктуу, өзгөрмөлүү апта күтөт букачарларды. Жашооңузда болуп жаткан окуялардын агымы түрдүү жакка өзгөрүшү мүмкүн. Андыктан бул күндөрү узакка план түзбөй, убакыттын агымы менен ага бериңиз. Аптанын ортосунда жакындарыңыздын маселесин чечүү менен убара болосуз. Жумуштан эмес, башка булактан капчыкка акча түшүүсү мүмкүн. Апта соңу чыгармачылык эргүү ойгонот, ошого жараша эс алууну ким менен жана кайда өткөрүүнү ойлонсоңуз болот.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жылдыздар бул аптада сизге колуңузга эмне иш албаңыз, жашыл жол күйүп турарын эскертишет. Андыктан коркпой жасачуну жасай бериңиз. Эл көзүндө жүргөнүңүз, ишиңиздин илгерилеши жаныңыздагы айрым адамдарга жакпай калышы ыктымал. Мактанып, алдын ала план-максаттарыңыз менен бөлүшпөй туруңуз. Жумушта туруктуулук, тынчтык издешиңиз мүмкүн. Бойдоктор интернет желесинен бирөө менен таанышып, кат жазышуу орун алышы күтүлөт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Аптада башкалардын маанайына жараша өзгөрүп, сезимтал болуп чыга келесиз. Жумушта бул концентрацияга терс таасирин тийгизиши ыктымал, анткени кандай эскертүү же кеңеш болбосун курч кабыл аласыз. Баарын жүрөккө жакын кабыл албай, муздак ой жүгүртүүгө аракет кылыңыз. Каржы жаатында туруктуулук сакталат. Өзүңүздүн кызыкчылыкты алдынкы планга чыгарып, боорукерлигиңизден пайдалангандарга жок дегенди үйрөнүшүңүз керек. Дипломаттык талантыңыз жардамга келет.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Апта жолугушуу, баарлашууларга бай болот, түрдүү тааныш күтөсүз. Шаршемби, бейшемби күндөрү кесиптеш же туугандардын бири менен пикир келишпестик жаралышы ыктымал. Мунун баары сизге карата айтылган сын пикирден болушу мүмкүн. Үйдөгү тиричилик менен алек болуп, ошол эле учурда ойлоруңузду иреттеп алганга мүмкүнчүлүк болот. Балдардын алгачкы ийгилигине кубанышат ата-энелер. Үйдөгү маселелерде интуицияга ишенип кадам жасаганыңыз туура болот.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Айланаңыздагы адамдарга туура, калыс мамиле жасап жатам деп ойлогонуңуз менен, чындыгында андай эмес экендиги айкындалат. Өз кызыкчылыгыңыз алдыга чыкканы туура, бирок эч кимге зыяны тийбегендей абалда болсун. Энергияңыз кандай ишти колго алсаңыз да жетип кубантат. Таанышуулар жана романтикалык мамилелерден да жолуңуз болот. Жашооңузга пайдалуу адаттарды киргизгениңиз туура: туура тамактануу, келбетке көңүл буруу, спорт, окуу жана башка.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Башкалардын оюнан көз каранды болгонду токтотуу керек. Жумушта оор сүйлөшүүлөр орун алышы мүмкүн, активдүү иштегенге туура келет. Жеке жашоодо өнөктөшүңүздү угуп, анын ойлору менен эсептешкенде, артка кадам жасаганды билгенде ортодо гармония орун алат. Каржы маселелерин биргелешип чечсеңиз, өзүңүзгө эле жеңил болмокчу. Апта аягы өзүңүздү “коё” бериңиз: ырдаңыз, бийлеңиз, кыйкырыңыз, сүрөт тартыңыз. Айтор, ичтеги чогулган эмоцияларды сыртка чыгарыңыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Харизма жана чыгармачылык энергия бул аптанын ойдогудай өтүүсүнө жардам берет. Өзүңүздү токтотпой, оюңузга келген идеянын баарын ишке ашырганга аракет кыла бериңиз. Бири болбосо да экинчиси сөзсүз ишке ашат. Романтикалык жаатта лидерлик чылбыр колуңузга тиет. Жакындарыңызга болгон таарынычты коё бериңиз. Жашыруун таарыныч өзүңүзгө эле зыян болот. Топтогон каражатыңызды кайсы бир ишке салам деп турсаңыз, күтө туруңуз, ылайыктуу учур эмес.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Достор, кесиптештер менен биргеликте пландалган долбоорлор сиз үчүн ийгиликтүү болмокчу. Сиздин эркиндикке болгон умтулууңуз жана оптимисттүү ойлоруңуз, артыңыздан башкаларды ээрчитүүгө өбөлгө болот. Коомдук иштерге, иш-чараларга катыша бериңиз, дал ошондой жайлардан пайдалуу таанышуулар орун алмакчы. Көпчүлүк менен жасаган иштин натыйжасы финансылык абалыңызды да оңдойт. Өткөн чактагы адамдарды унутуп, жаңы адамдарга эшик ачканыңыз туура.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Сабырдуу болууга туура келет: жаңы демилгелер жыйынтык бербейт, бирок алдыга койгон мурдагы тапшырмалар ийгиликтүү жыйынтыкталмакчы. Бош убакыттын жоктугунан же болбосо купуя жалгыздыкта калуу каалооңуздан улам сүйүү мамилесинде боштук, аралык орун алышы күтүлөт. Омуртка, муун оорулары тынчыңызды алышы мүмкүн. Аптанын акыркы күндөрүндө жагымдуу жаңылык угасыз. Конокко чакыруу алып, финансылык жагдайыңызга оорчулук келиши мүмкүн.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Жумушта сиздин стандартка туура келбеген сунуштарыңыз каршылыкка учуроосу мүмкүн. Өтө катуу талап койбой, башкаларга убакыт берген маанилүү. Жеке мамиледе чынчыл болуңуз, көбүртүп-жабыртуунун кереги жок. Каржылык абалыңызга канааттанбай жатсаңыз, кошумча жумуш же башка бир каржы булагын табыңыз. Өзүңүздөн акча үнөмдөгөндү коюңуз. Биринчи өзүңүз ыраазы болгондо гана тапканыңыз берекелүү болот. Сизге карата уюштурулган интригага күбө болушуңуз мүмкүн.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Эки тараптуу апта күтүлөт. Жумушта көйгөйлүү учурлар ачык-айкын эле өзү тууралуу кабар берет. Мындай күтүлбөгөн учурларга дүйшөмбү жана жекшемби күндөрү даяр болуңуз. Үйдө түгөйүңүз да сезимтал жана таарынчаак болуп чыга келет. Ошол эле учурда бардык кыйынчылыктарга карабастан жылдыздар сизге кубаныч жана ийгилик келери тууралуу кабарлашат. Дем алыш күндөрү жакындар менен жагымдуу баарлашуулар орун алмакчы, көңүлдөгүдөй эс аласыз.



Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: