Максим Фадеев "Интервидение" сынагында кыргызстандык "Номад" тобун колдой тургандыгын айтты
Орусиялык ырчы, продюсер Максим Фадеев "Интервидение" сынагынын башталышына аз убакыт калганын айтып, 3 өлкөнүн катышуучуларын колдой турганын билдирди.
Ал катышуучулардын барын угуп чыкканын, өзгөчө кыргызстандык "Номад" тобунун, казакстандык Амре жана Кытайдын Ван Си аттуу ырчыларынын аткаруусу жакканын белгиледи.
"Кыргызстандын эли ыр жандуу, укмуш ырдашат, нюанстары назик, бир муунга бир нече нота же обондорду созуп ырдоо ыкмаларын так аткарышат. Алардын ырын биринчи жолу укканда, өзгөчө кайырмасына келгенде тамагыма бир нерсе туруп калгандай болду. Ыр жөнүндө оюмду жыйынтыктап, жакшы сөз чыгара албай жатам",- деди ал
Эске салсак, бул жылы "Интервидение-2025" эл аралык музыкалык сынагы 20-сентябрда Москва шаарындагы Live Arena сахнасында өтөт.
Максим Фадеев "Интервидение" сынагында "Номад" тобун колдой тургандыгын айтты
