Октябрдан тарта пенсия көбөйөт
Өлкөдө пенсиялар ушул жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйда билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, 2024-жылы өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 25,7 пайызга төмөндөгөн. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 4,1 пайыздык пунктка аз (2023-жылы – 29,8 пайыз).
Жакырчылыкты кыскартуунун негизги фактору калктын кирешесинин көбөйүшү болгону белгиленди. Ага ылайык, 2024-жылы калктын жан башына акчалай кирешеси 16,5 пайызга өскөн. Үстүбүздөгү жылдын 7 айында орточо эмгек акы 42 миң 522 сомду түзүп, 20,4 пайызга өстү.
"Пенсиялар ушул жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатылат. Айрыкча “Социалдык келишим” программасынын алгылыктуу натыйжасын белгилей кетүү керек, анын алкагында быйыл 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүлдү. Ишкерликти колдоо багытында көптөгөн иш-чаралар ишке ашырылууда. Индустриялаштыруунун алкагында өлкө боюнча 67 ишкана ачылып, аларда 6 миң жумуш оруну түзүлдү.
Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 159 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (2024-жылдын 6 айында 55,1 миң жумуш орун түзүлгөн) 2,9 эсеге көп”, – деди Касымалиев.


