Өкмөт башчы өлкөнүн ИДПсы 1 триллион сомдон ашканын айтты

Быйыл 8 айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүм 1 триллион 42,1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ынтымак Ордодо" өткөн аппараттык жыйында билдирди.
Ал жыл башынан бери ИДПнын өсүү темпи 10 пайыздан ашканын белгиледи. Бул мамлекеттик саясаттын тууралыгын жана натыйжалуулугун тастыктайт. ИДПнын реалдуу өсүшү 11 пайызды түздү.
“Өсүү экономиканын бардык тармактарынын салымынын эсебинен камсыз кылынды: курулуш тармагы 34,8 пайызга, тейлөө тармагы 9,5 пайызга, айыл чарбасы 2,4 пайызга өстү. Өнөр жайында өсүш 11,6 пайызды түздү. Айрыкча жогорку көрсөткүчтөр: фармацевтикада 2,2 эсеге, тамак-аш өндүрүшүндө 44,4 пайызга, резина жана желим буюмдарын, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүдө 32,2 пайызга, химиялык продукцияны өндүрүүдө 22,8 ппйызга, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө 7,1 пайызга, тоо-кен өндүрүшүндө 15,5 пайызга өсүштү түздү. Бул абдан позитивдүү көрсөткүч”,- деди ал.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, 8 айдын жыйынтыгы менен негизги капиталга тартылган инвестициянын көлөмү 166 миллиард сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 20,1 пайызга өскөн. Анын 30 пайызы же 49,3 миллиард сому республикалык бюджеттен каржыланган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6 эсеге көп. Жыл башынан бери инфляциянын деңгээли 5,1 пайызды түздү.

