Бишкекте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жолугушат
Бишкекте 18-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу өткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөттөн бүгүн, 16-сентябрда билдиришти.
Жыйынга Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышат.
Жолугушууда экономика, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу талкууланат. Ошондой эле аны мындан ары бекемдөө үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүнүн механизмдерин жакшыртуу маселелери каралат.


