super.kg logo

Бакыт Төрөбаев: "Жыл аягына чейин дагы 36 кайра иштетүү ишканасы ачылат"

 
Кайра иштетүү өнөр жай тармагы мамлекеттин экономикалык жана социалдык маселелерин чечүүдө чоң салымын кошуп жатат. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев министрлик тарабынан уюштурулган "Агро өнөр жай тармагынын приоритеттүү секторлоруна инвестицияларды тартуу" форумунда билдирди.
Министрдин айтымында, жыл сайын кайра иштетүү өнөр жай тармагында жаңы ишканалар ишке берилип, жаңы жумушчу орундар түзүлүп жатат.
"Бүгүн өлкөдө 11 миңден ашуун ар кандай көлөмдөгү кайра иштетүү ишканалары иштеп жатат. 2025-жылга экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү жаңы 63 ишкана пландаштырылган, анын ичинен 27 ишкана ачылды, 36 ишкана жылдын аягына чейин ачылат",- деп кошумчалады Бакыт Төрөбаев форумдун жүрүшүндө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: