super.kg logo

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган салттуу жарыш өтөт

 

Ушул жекшемби күнү, 21-сентябрга пландаштырылган Ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run ири марафондун алдында, жарыштын уюштуруучулары – Nomad Sport коомдук бирикмеси, Жаратылыш ресурстары министрлиги, GSLEP жана “Илбирс фондунун” өкүлдөрү бүгүн журналисттер менен жолугушуу өткөрүштү.

Анын жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары 2024-жылы жарым марафондо чогулган каражаттын бир бөлүгү эмнеге багытталганын, жаңы сезонго канча күлүк катышарын жана бул жарыштын өзгөчөлүгү эмнеде болорун айтып беришти.

“Nomad Sport” компаниясынын башкы директору Арслан Малдыбаев белгилегендей, быйылкы жарыш Бишкектин борбордук көчөлөрүндө толук марафондук аралыкта өтөт жана ага 5 миңден ашуун катышуучу тартылары күтүлүп жатат. Бул иш-чарага жергиликтүү тургундар гана эмес, коңшу өлкөлөрдөн көптөгөн катышуучулар келип катышмакчы.

Жарышты уюштуруучулардын айтымында, былтыркы жарым марафондун алкагында 1,1 миллион сом каражат чогулган жана ал каражатка Кыргызстандын бардык аймактарындагы корукчулар үчүн жабдуулар сатып алынган. "Анткени алар жаратылышты коргоодо алдыңкы орунда турганы менен кылган иши тууралуу маалымат аздык кылат. Чынында корукчулар ысык-суукка карабай, жыл бою тоолордо жүрүшөт, браконьерликке каршы күрөшүп, жаныбарлардын эсебин алып турушат. Андыктан аларга жардам катары алган ар бир буюм талаа шартында чындап пайдасын тийгизет, деп ишенебиз",- деп баса белгиледи “Nomad Sport” коомдук бирикмесинин өкүлү.

Эске салсак, Bishkek Snow Leopard Run 2019-жылы старт алып, элди чуркоого шыктандырып тим болбостон, жапайы жаратылышты жана анын символу болгон ак илбирсти сактоого жардам берген долбоор катары тааныла баштаган. Алты жыл ичинде бул спорттук иш-чараны өткөрүү менен катар маанилүү демилгелер ишке ашты. Мисалы, 2019-жылы ак илбирске байкоо жүргүзүү үчүн 32 фотокапкан сатып алынган, 2021-жылы “Ысык-Көл” биосфералык аймагына Нива үлгүсүндөгү автоунаа өткөрүлүп берилген, 2023-жылы Гареев атындагы Ботаникалык бакка 40тан ашык техника сатып алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: