Малайзияда жер көчкүдөн 11 адам каза болуп, ондогон тургун эвакуацияланды
Малайзиянын Сабах штатында катуу жааган жамгырдан улам болгон жер көчкү кеминде 11 адамдын өмүрүн алды, дагы бир нече киши жоголгон деп эсептелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Кырсык Борнео аралындагы Сабах штатынын борбору Кота Кинабалу шаарына жакын жайгашкан айылда катталган. Суу ташкыны жана жер көчкүдөн улам 1700дөн ашуун адам эвакуацияланып, алар учурда 12 атайын борборго убактылуу жайгаштырылды.
Өлкө премьер-министри Анвар Ибрагим кырсыктан жабыркагандар үчүн кошумча 10 миллион ринггит (2,38 миллион доллар) бөлүнөрүн билдирди. Буга чейин 11 миллион ринггит каражат каралган болчу.
Ал элди тилсиз жоого каршы биримдикте болууга жана жабыркагандарга жардам берүүгө үндөдү. Өлкөдө жаан-чачын уланууда, кооптуу аймактарда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















