super.kg logo

"Жердин акысын төлөсүн". Оштун мэри мыйзамсыз курулушту жерине барып көрдү

 
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдырууда Кулатов кичи районунда спорт аянтчасынын ордуна курулуп жаткан курулушту жеринде көрүп чыгып, бир топ тапшырмаларды берди.
Ал көп кабаттуу үй курулуп жаткан аянттын жанында муниципалдык жерди да ээлеп алгандыгын айтып, 3 жылдык акысын төлөтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле спорт аянты качан жеке менчикке өткөндүгү боюнча териштирүүнү тапшырды.
"Муниципалдык менчик башкармалыгы, архитектура, юрист баарын тактагыла. Бул жер стадион болгон деп жатышат, демек, социалдык объект болгон. Анан короосун бузуп, бери жакка жылдыргыла да, муниципалдык жерди бошоткула. Ошондой эле 3 жыл колдонгону үчүн жердин ижарасын төлөсүн. Бүгүн кечке чейин баарын аныктап, мага маалымат бересиңер",- деди мэр.





Оштун мэри мыйзамсыз курулушту жерине барып көрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: