Өзгөн райондук милициясынын тергөөчүсү пара талап кылууга шектелүүдө (видео)
150 миң сом пара талап кылган Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милициянын улук лейтенанты К.Б. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган адамдын жакынынан опузалап акча талап кылган.
14-сентябрда 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда К.Б.кармалып, тергөө абагына камалды.
Өзгөн РИИБдин тергөөчүсү кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.