super.kg logo

Ош ОИИББ: Араванда милиция пункттары ачылды

 
Кечээ, 15-сентябрь күнү Ош облусундагы Араван районуна караштуу Юсупов жана Достук айыл аймактарында милициянын таяныч пункттары ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИББ кабарлады.
Маалыматка ылайык, ачылуу аземге Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов, Араван РИИБинин башчысы Уланбек Кубатбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ардагерлер катышты.
Башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов бул имараттарды куруп берген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ИИМдин жетекчилигинин атынан терең ыраазычылык билдирип, Юсупов айыл аймагынын башчысы Самат Дүмүровго ИИМдин "Колдоо көрсөткөндүгү үчүн" медалын, Ош ОИИБинин башчысынын кол сааты жана Достук айыл аймагынын башчысы Мамиржан Кадировго Ыраазычылык кат жана Ош ОИИББинин башчысынын кол сааты сыйлыгын тапшырды.
Өз кезегинде Араван районунун акими Данияр Эркимбаев өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн калк арасында тынчтык болуусу зарыл экендигин жана коопсуздук чараларын сактоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттерге ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Аны менен катар аталган айыл өкмөттөрдүн башчылары милициянын таяныч пункттарына жаңы компьютерлерди тапшырышты.
РИИБинин жетекчилигинин демилгеси менен жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланып курулган эки бөлмөдөн турган заманбап милициянын таяныч пункттары керектүү бардык кеңсе жабдыктары менен жабдылып, өз ишмердүүлүгүн баштады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: