super.kg logo

Нарындагы айтылуу Ленин көчөсүнүн бир тарабына асфальт басылды

 
Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө жол курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 3,3 чакырым аралыкка бир тараптуу асфальт басылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түзөт. Тротуардын кеңдиги 2,25 метр.
"Аны менен катар жарыктандыруу иштерине даярдыктар башталды. Жеринде жалпы 104 техника жана 204 кызматкер иш алып барууда.
Ал эми Шералиев көчөсүндө кемчиликтерди жоюу иштери уланып, тротуар жана лотоктор орнотулууда. Ошондой эле, тротуардын негизи даярдалууда. Курулуштун сапатына жана графиктин аткарылышына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлган. Ленин көчөсүнүн узундугу 9 чакырымдан ашык ал эми Шералиев көчөсү 2,3 чакырымды түзөт",- деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: