Ошто Каранай айылында жаңы мектептин курулушу башталды





Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Каранай айылында заманбап жаңы мектептин курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Жаңы билим уясы 225 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат. Объекттин жалпы аянты 3209 чарчы метрди түзөт.
Белгилей кетсек, айылдагы эски мектеп 200 орунга ылайыкталып 1990-жылы салынып, пайдаланууга берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:48
2025-09-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.