Ошто республикалык театр фестивалынын ачылыш аземи өттү











Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган XIII республикалык театр фестивалы Ош шаарында салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, маданий иш-чарага маданият министринин орун басары Марат Тагаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, театр тармагынын адистери жана шаар тургундары катышты.
Фестиваль Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз ССРинин Эл артисти, белгилүү актёр Сейитказы Андабековдун 100 жылдыгына арналууда.
Эске салсак, алгачкы ирет бул фестиваль 2007-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн. 2008-жылы Караколдо улантылып, кийинки жылдары өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлүп келген. 2020-жылы пандемия шартында фестиваль алгач жолу онлайн форматта уюштурулган.
Фестивалдын негизги максаты:
- театр сахналарында коюлган спектаклдер аркылуу көрүүчүлөрдү руханий жактан байытуу,
- театр жамааттарынын чыгармачылык байланыштарын чыңдоо,
- Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын жана Сейитказы Андабеков сыяктуу залкар инсандардын эмгегин түбөлүккө даңазалоо.
Бул ирет фестивалга өлкөнүн республикалык, облустук жана райондук деңгээлдеги 14 кесипкөй театры катышып, ар бири бирден спектакль көрсөтөт.
Акыркы жылдары кыргыз театрлары республиканын гана эмес, эл аралык аренада да ийгиликтерге жетишүүдө. Түркия, Орусия, Англия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдө өткөн фестивалдарга катышып келишти. Айрыкча 2026-жылы Франциянын Авиньон шаарында өтө турган дүйнөдөгү эң ири "Авиньон" театр фестивалына жолдомо алышы – кыргыз театр өнөрү үчүн чоң жетишкендик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:48
2025-09-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.