VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын датасы жана өтүү жайлары белгилүү болду
Уюштуруу комитетинин маалыматына караганда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Салтанаттуу ачылыш аземи 31-августта Бишкек шаарында, ал эми жабылуу аземи 6-сентябрда Ысык-Көлдө пландалууда.
Оюндардын негизги программасы, ачылыш аземинен тышкары, кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, дүйнөнүн 89дан ашуун өлкөсүнөн келген катышуучулар жана коноктор чогулат. Бул уникалдуу жер көчмөн элдердин маданияттарын жана салттарын тааныштыруу үчүн сонун аянтча катары кызмат кылмакчы.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандан гана эмес, бүткүл дүйнөнүн көчмөн элдеринин маданияттарынын диалогун күчөтүүдө маанилүү эл аралык майрам катары бааланат. Оюндун алкагында спорттук мелдештер, этнографиялык жана маданий иш-чаралар өткөрүлүп, көчмөн турмушунун ар түрдүү аспектилери көргөзмөгө чыгат.
Белгилүү болгондой, быйыл 2-июнда президенттин администрациясында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү жана уюштуруу комитетинин жыйыны өткөн. Ага Кыргызстандын жогорку жетекчилиги жана жооптуу органдар катышып, алгачкы даярдык иштеринин жүрүшү каралган эле.
