Казакстанда электросамокат айдагандарга тротуарларда жүрүүгө тыюу салынат
Казакстанда электросамокат айдоочуларына тротуарларда жүрүүгө мыйзам жолу менен тыюу салуу сунушталууда деп маалымдайт "Курсив.kz".
"Былтыр ИИМ көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштарды киргизген. Алардын айрымдары колдоо тапкан жок. Ошондуктан депутаттар менен биргеликте тротуарларда электросамокат менен жүрүүгө тыюу салууну караган жаңы өзгөртүүлөр иштелип чыкты", – деди Казакстандын ички иштер министринин орун басары Игорь Лепеха өкмөт жыйынында.
Мындан тышкары ИИМ кикшеринг (жалдоо аркылуу берилүүчү самокаттар) компанияларына милдеттерди жүктөө жана электросамокаттарды пайдалануу эрежелерин кабыл алуу укугун жергиликтүү акимчиликтерге берүү сунушун киргизүүдө.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын башынан бери Казакстанда электросамокат айдоочулар тарабынан 29 миң мыйзам бузуу катталган, алардын ичинен 8 миң самокат айып аянтчасына токтотулган.
Август айында ири кикшеринг компанияларына эреже бузгандарга каршы техникалык чектөөлөрдү киргизүү милдеттендирилген.
