Бул жылы саламаттык сактоо тармагына рекорддук сумма бөлүндү
Саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражат жыл сайын өсүп, 2025-жылы рекорддук суммага – 49 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 2021-2025-жылдар аралыгында аталган тармакка бөлүнгөн бюджеттик каражаттар дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Бул мамлекеттик саясаттын алкагында медициналык кызматтарды жакшыртууга жана саламаттык сактоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам катары бааланууда.
Жылдык бөлүнгөн каражаттар:
- 2021-жылы – 21 миллиард сом
- 2022-жылы – 32,4 миллиард сом
- 2023-жылы – 38,8 миллиард сом
- 2024-жылы – 40,4 миллиард сом
- 2025-жылы – 49 миллиард сомдон ашты
Министрлик белгилегендей, каражаттар негизинен бейтаптарга көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жогорулатууга, оорукана жана медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, заманбап жабдуулар менен камсыздоого жана дарыгерлердин шартын жакшыртууга багытталат.
