БУУнун комиссиясы Израилдин Газа секторундагы аракеттерин геноцид деп атады
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан түзүлгөн комиссия Израилдин Газа секторундагы аскердик операцияларын геноцид катары баалады. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.
Белгилегендей, Израил 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа анклавында төрт геноцид актысын жасаган. Алар төмөнкүдөй:
- Палестиналыктарды өлтүрүү,
- Аларга оор физикалык жаракат келтирүү,
- Элди толук же жарым-жартылай жок кылууга багытталган жашоо шарттарды атайылап түзүү,
- Газа аймагында төрөөнү алдын алуу аракеттери.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги бул баяндаманы “ХАМАС тарабынан берилген маалыматтарга негизделген жалган документ” деп атап, аны кескин түрдө четке какты.
Бүгүн, 16-сентябрга караган түнү Израил армиясы Газа шаарында жаңы жер үстүндөгү аскердик операцияны баштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.