Кытай менен АКШ TikTok боюнча келишимге жетишти
14-15-сентябрда Мадрид шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кытай менен АКШнын өкүлдөрү TikTok боюнча негизги маселелерди чечүү үчүн макулдашууга келишти.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, сүйлөшүүлөргө Кытай мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Хэ Лифэн, АКШ тараптан каржы министри Скотт Бессент жана соода өкүлү Жеймесон Грир катышкан.
TikTok боюнча маселелер "ынтымакташуу, инвестициялык тоскоолдуктарды азайтуу жана соода-экономикалык кызматташууга көмөктөшүү" жолу менен чечилери айтылган. Тараптар макулдашуунун расмий документтерин иштеп чыгып, аны бекитүү үчүн ички процедураларды жүргүзүүнү пландап жатышат.
АКШнын каржы министри Скотт Бессент сүйлөшүүлөрдүн мазмунун ачыктаган жок. Ал бардык маалыматтар 19-сентябрда жарыяланат деп билдирди.
Эске салсак, 2024-жылы мурунку президент Жо Байден ByteDance компаниясына TikTok'ту сатуу талабын койгон мыйзамга кол койгон. Болбосо платформа АКШ аймагында жабылышы керек болчу.
Бирок Дональд Трамп президенттикке келгенден кийин бул тыюуну убактылуу токтоткон.
