super.kg logo

Улуттук онкология борборунда бутту кесүүдөн сактап калуу боюнча уникалдуу операция жасалды

 

Бүгүн, 16-сентябрда Улуттук онкология борборунда биринчи жолу остеосаркома диагнозу менен ооруган бейтаптын бутун сактап калуу максатында модулдуу эндопротезди өз алдынча орнотуу операциясы ийгиликтүү болду. Бул тууралуу борбордун хирургу Султан Стамбеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, бул бутун кесип салуу операциясына заманбап альтернатива гана эмес, бейтап үчүн жашоону толук кандуу улантууга, кыймыл-аракетти жана таянычты сактап калууга болгон чоң мүмкүнчүлүк.

"Биз онкоортопедия тармагына жаңы технологияларды киргизүүнү улантабыз. Максатыбыз – өлкөбүздөгү балдардын жана чоңдордун дүйнөлүк стандарттарга ылайык дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу. Мындай татаал жана жогорку технологиялуу операциялар командалык ишке, ишенимге жана бейтаптардын тагдырын өзгөртүүгө болгон ниетке гана таянуу менен ишке ашат", - деп белгиледи хирург.

Стамбеков кесиптеши Алмаз Бабалаевге, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулаймановго ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: Остеосаркома – бул сөөктөн чыккан рак шишиги. Ал көбүнчө тизе муунуна жакын сан сөөктө же жилик сөөктө өөрчүйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: