super.kg logo

Кара-Сууда банктан насыя алуу үчүн документтерди жасаган шектүүлөр аныкталды

 
Ош облусунун Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө 11 жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Маалым болгондой, шектүүлөр 2025-жылдын июнь айына чейинки убакытта Кара-Суу шаарында жайгашкан сактык кассалардын биринин кредит бөлүмүнөн жабырлануучуларга 500 миң сомго чейинки насыя акчаларын алдырып, төлөбөй койгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө алар Ветеринардык кызматы менен келишим түзүшүп, ветеринардык күбөлүктөрдү жасалмалаган жана ага туура эмес маалыматтарды киргизгендиги аныкталды.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин (Документтердин жасалмасын жасоо) негизинде 10дон ашык кылмыш иши козголуп, 1969-жылы туулган К.Н., 1966-жылы туулган Ж.Э. жана 1962-жылы туулган Я.К. аттуу Кара-Суу районунун тургундары кармалды. Айыпталуучуларга сот тарабынан башка жакка чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Буга чейин да Кара-Суу районунда насыя алдыртып, төлөбөй жүргөн аялдар кармалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: