Бишкекте алтын куймаларын алып берүүнү убадалаган шектүү кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда шаардык милициядан билдиришти.Маалым болгондой, 24-апрелде милицияга арыз түшкөн. Арыз ээси А.Т. аттуу шектүү 2023-жылы жабырлануучудан 200 грамм алтын куймасын алып берүүнү убада кылып, 32 миң долларын алган. Бирок өз милдеттенмелерин аткарган эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада 1977-жылы туулган шектүү А.Т. кармалып, №1 тергөө абагына 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы каралган. Тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















