super.kg logo

Өлкөдө 30 чарчы метрге чейинки соода жайлары патент менен иш жүргүзө алышат

 
Өлкөдө салык мыйзамдарынын жаңы ченемдери бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынан билдирди.
Документке ылайык төмөнкүлөр бекитилген:
– соода ишмердүүлүгү үчүн патенттин негизги салык суммасы;
– өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыктын ставкалары;
– өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык колдонулуучу базарлардын жана кичи базарлардын реестри.
"Базарларда жана кичи базарларда, ошондой эле аянты 30 чарчы метрге чейинки стационардык соода жайларында иштеген ишкерлер патент боюнча иш жүргүзө алышат. Ал эми соода борборлорунда жана өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн субъекттер патенттик системаны колдонууга укугу жок. Бир соода орду үчүн патенттин ставкасы туруктуу болуп эсептелет жана соода аянтына жана учурдагы календардык жылда алынуучу кирешенин көлөмүнө жараша аныкталат. Патенттик система боюнча иш жүргүзүү үчүн ишкер жергиликтүү салык органына тиешелүү арыз менен кайрылууга тийиш. Патентти салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу, мобилдик банкингдерден, төлөм терминалдары же жергиликтүү салык органдары аркылуу алууга болот", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары өзгөчө режимдеги соода аймагына тиешелүү салык ставкалары жана бул режим колдонулуучу базарлардын реестри бекитилди. Реестрге 17 базар киргизилди. Салык кызматы ишкерлерди жаңы салык мыйзамдарынын нормалары менен жакшылап таанышууга жана аларды өз ишмердүүлүгүндө эске алууга чакырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: