Өлкөдө футбол боюнча клубдук мелдештердин байге фонду жогорулады. Жеңүүчүлөр канча алат?

КФБнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул максатта 2025-жылы 230 миң доллар бөлүндү.
Сыйлыктарды бөлүштүүү тартиби төмөндөгүдөй болот:
- Жогорку лига клубдары арасындагы чемпиондуктун жалпы байге фонду 150 миң долларды түзөт. Чемпион болгон командага 70 миң доллар, экинчи орунду алган командага 50 миң доллар, ал эми үчүнчү орунга татыган командага 30 миң доллар ыйгарылат.
- Кыргызстандын кубогу — 50 миң доллар (жеңүүчү командага).
- Суперкубок — 30 миң доллар (жеңүүчү командага).
Бул демилге улуттук турнирлердин аброюн көтөрүүгө, атаандаштыкты күчөтүүгө жана футбол клубдарын кошумча шыктандырууга багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.