Samsung компаниясынын мураскери аскердик кызмат өтөө үчүн АКШ жарандыгынан баш тартты
Түштүк Корея эли Samsung Electronics компаниясынын аткаруучу төрагасы Ли Чжэ Ёнун уулу Ли Чжи Хонун кабыл алган чечимин кызуу талкуулап жатат. 24 жаштагы мураскер АКШ жарандыгынан баш тартып, Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөрүндө милдеттүү аскердик кызмат өтөөгө бел байлады.
Чет элдик басылмалар билдиришкендей, компаниянын негиздөөчүсүнүн башка мураскерлери да ар кандай медициналык себептерден улам аскердик кызматтан бошотулган.
"Ли Чжи Хо эгер кааласа, кореялык жарандыктан чыгып, АКШ жарандыгы менен кызматтан оңой эле кутулмак. Бирок ал Кореянын мыйзамдарын сыйлап, өз өлкөсүнө болгон берилгендигин көрсөтүп, америкалык паспорттон баш тартууну тандады. Ал жакынкы күндөрү офицерлер үчүн 11 жумалык даярдык курсун баштайт. Бул курс жогорку билими бар жарандар үчүн арналган. Курсту аяктагандан кийин, 1-декабрда ага кенже лейтенант аскердик наамы ыйгарылат. Андан кийин ал аскердик кызматын улантып, жалпы эсеп менен 39 ай бою Түштүк Кореянын армиясында кызмат өтөйт", - деп кабарлады басылмалар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















