Зеленский сүйлөшүүлөр үчүн Москвага эмне себептен барбай турганын айтты
Украинанын лидери Владимир Зеленский Sky News агенттигине берген маегинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Москвага бара албай турганын билдирди. Анын айтымында, Москва Украинага кол салып жаткан өлкөнүн борбор шаары болуп эсептелет.
Ошол эле учурда ал Америка Кошмо Штаттарынын лидери Дональд Трамп жана Путин менен жолугушууга даяр экенин баса белгиледи.
Зеленскийдин айтымында, Европа жана АКШ өздөрү жана келечектеги Орусия менен болгон мамилелери тууралуу эмес, Украина жөнүндө көбүрөөк ойлонушу керек.
5-сентябрда Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында Зеленский менен жолугушуу үчүн эң жакшы жер Москва экенин айткан. Путин украин лидери жана анын делегациясы Орусиянын борборуна келүүнү чечсе, алардын коопсуздугуна 100 пайыз кепилдик берүүгө даяр экенин кошумчалаган.
Бул сунушуна жооп катары Зеленский Путинди Киевге чакырган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















