super.kg logo

Голливуд жылдызы Роберт Редфорд 89 жашында дүйнөдөн кайтты

 

АКШда 89 жашында Голливуддун белгилүү актёру, режиссёру, көз карандысыз киного дем берүүчү жана "Сандэнс" кинофестивалынын негиздөөчүсү Роберт Редфорд көз жумду. Ал Юта штатындагы сүйүктүү Сандэнс тоолорунун жанындагы үйүндө жакындарынын курчоосунда каза болгону кабарланды. Бул тууралуу анын коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү Синди Бергер билдирди.

Өлүмүнүн себеби айтылган жок. Редфорд 1960-жылдары жылдыз болуп, 1980-жылы "Кадимки адамдар" тасмасы үчүн "Оскар" сыйлыгын алган. Ал "Бутч Кэссиди жана Сандэнс Кид" (1969) жана "Афера" (1973) фильмдери аркылуу даңкка жетип, бул эки тасма классикага айланган.

1970-жылдары ал тапкан акчасын "Сандэнс" институту менен фестивалын түзүүгө жумшап, көз карандысыз кинематографиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: