"Бул биздин шаар". Израилдин өкмөт башчысы Эрдоганга Иерусалимдин ээси ким экенин айтты
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иерусалим шаарында сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга кайрылды.
"Бул биздин шаар, Эрдоган мырза. Бул сиздин шаар эмес. Ал ар дайым биздин шаар болот. Ал мындан ары бөлүнбөйт",- деп жазды анын сөздөрүн The Times of Israel басылмасы.
Басылма Израилдин премьер-министринин билдирүүсү түрк президентинин беш жыл мурунку билдирүүсүнө жооп деп жазат. 2020-жылы Эрдоган Иерусалим Түркияга таандык, анткени шаар заманбап доордун көпчүлүк бөлүгүндө Осмон империясынын көзөмөлүндө болгонун айткан.
Премьер-министр ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трампка 2017-жылы Иерусалимди жөөт мамлекетинин борбору катары таанып, АКШнын элчилигин ал жерге көчүргөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кошумчалагандай, башка өлкөлөр дагы ушундай чечим кабыл алышы керек.
