ИИМ: Милиция кызматкери терс негиздер боюнча кызматтан бошотулду

ИИМдин маалыматына ылайык, бул факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык тартипти одоно бузган, ошондой эле ички иштер органдарынын аброюна шек кетирген аракеттери аныкталган.
Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган кызматкер терс негиздер менен кызматтан бошотулган.
Ички иштер министрлиги мындай фактыларга карата туруктуу мыйзамдуулукту ырааттуу карманат. Мыйзамды же кызматтык тартипти бузган ар бир учур кызматкердин наамына жана кызмат ордуна карабастан, катаал жана адилеттүү каралат.
ИИМ ички иштер органдарынын аброюна шек кетирген жана мамлекеттин аракеттерин бузуп, дискредитациялоого багытталган фактыларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды улантууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:45
2025-09-17

19:00
2025-09-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.