"Акыбал өтө оор". Дастан Бекешев өлкө 12 жылдык окууга даяр эмес экенин айтты (видео)
Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев өлкө 12 жылдык билим берүүгө даяр эмес экенин айтты.
Ал билим берүүдөгү 3 көйгөйлүү маселени атап, Агартуу министрлигин маселелерди чечүүгө чакырды.
"Биринчиден, китеп жок. Биз мамлекеттик монополия кылып, "Учкун" басмаканасына бергенбиз, бирок алар жетишпей жатышат. Ата-энерлер 1990-жылдардагы китептер менен окуу болуп жатканын айтышууда. Мейли, мунун жолун тапса болот. Мугалим жок болуп жатат. Буга директорлор күнөөлүү эмес, алар ар кандай кадамдарга барып, аракеттерди кылып жатышат. Керек болсо студенттерди алып келип жатышат. Анан 19 жаштагы студент өзү жакшы билбестен окуучуларга сабак өтүп жатат. Буга себеп - мугалимдердин айлык акысы өтө аз.
Үчүнчүдөн, инсфрактура маселеси бар. Туура, жаңы мектептер курулуп жатат. Бирок ошол эле учурда иштеп жаткан мектептерди карасак, көйгөйлөр бар. Ажаткана, спорт зал, класстык бөлмөлөр эскирди. Бир класста 60 бала араң батып окуп жатышат. Бир партада 6 бала отурат. Кадр маселеси өтө чоң. Мугалимдик кесипти окуп бүткөндөр мамлекеттик мектептерге барбай жатышат. Тилекке каршы, акыбал өтө оор. Муну агартуу минситри президентке жеткириш керек",- деди эл өкүлү.
Дастан Бекешев өлкө 12 жылдык окууга даяр эмес экенин айтты


