Төрага Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу демилгеси боюнча түшүндүрмө берди
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин өзүн-өзү таркатуу демилгеси тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүн, 17-сентябрдагы жыйынында айтты.
Айтымында, Жогорку Кенеште аталган демилге боюнча процедура жүрүп жатат.
"Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин аракеттеги парламентти таркатууга эч бир сырткы күчтүн же болбосо президенттин, аткаруу бийлигинин эч кандай укугу жок. Парламент өзүн-өзү гана тарката алат.
Бүгүнкү күндө бизде, парламентте жүйөөлү себеп менен негиздерди келтирип, атайын демилге тобу түзүлгөн. Ал топ менен дарегиме (ред.: Жогорку Кеңештин төрагасы) кайрылууну беришти. Ага 32 депутат кол койгон. Ал кайрылуу боюнча тийиштүү процедуралык тапшырмалар берилип, иш жүрүп жатат. Кайрылуу менен тааныштым, жүйөлөрү негиздүү",- деди төрага.
Ал бир мезгилде катары менен парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүү техникалык жана физикалык жактан дагы оңой иш эмес экенин белгиледи.
"Өзүңүздөр билесиздер, 2027-жылдын январь айында президенттик шайлоонун датасын бекиткенбиз. Андыктан биздин кезектеги шайлоо келерки жылы ноябрда өтүшү керек болчу.
Андан сырткары, президенттик шайлоо январда өтө турган болгондуктан, парламент президенттик датаны бекитип беришибиз керек. Бул учурда эки шайлоо параллелдүү өтөт экен. Мындай ири маанидеги шайлоонун бир мезгилде же катар өткөрүү саясий, экономикалык жактан да бир топ маселе жаратат. Андыктан бул негиздүү деп ойлойм",- деди Тургунбек уулу.
Мындан тышкары, төрага бул процедура аягына чыга электигин, аталган маселе парламентте карала турганын кошумчалады.
"Бардыгы эрте. Бул процедура аягына чыгышы керек. Муну парламент чечет. Бул маселе Жогорку Кеңеште өз мөөнөтүндө каралат. Жалпы депутаттардын чечимине жараша болот. Андыктан "арабанын алдына түшүп алып чуркаган" негизсиз деп ойлойм",- дейт ал.
Төрага Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуу демилгеси боюнча түшүндүрмө берди



