super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн өз сунуштарын берди (видео)

 

Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билим берүү тармагында көйгөйлөр көп экенин айтып, аларды чечүүгө өз сунуштарын берди.

Ал мектеп, бала бакчаларга жардам берүүгө макул болгон ишкерлерди салыктан бошотуу керектигин белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү айрым мектептерде окуучулар класска батпаган учурлар бар экенин, андыктан имараттарды ижарага алуу керектигин айтты. Бекешев онлайн мектептерди да ачуу зарылдыгын белгиледи.

"Агартуу министрлиги онлайн мектептерге уруксат бериши керек. Ошондо мектептерде жүк азаят. Чет өлкөдө иштеген мекендештерибиздин балдарына да жакшы болмок. Алар Орусияда же башка өлкөдө болсо да кыргыз мектепте окуй алышмак. Жолдорун тапсак болот. Агартуу министрлиги 12 жылдык окууга даяр деп билдиргени менен даяр боло алышкан жок",- деди эл өкүлү.

Бекешев мунун алдында өлкө 12 жылдык билим берүүгө даяр эмес экенин айтып, билим берүүдөгү 3 көйгөйлүү маселени атаган. Анда ал китептердин жоктугун, мугалимдердин жетишсиздигин, мектептер эскирип жатканын белгилеген.






Дастан Бекеше билим берүүнү жакшыртууда сунуштарды айтты 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: