Перуда нааразычылык акцияларынан улам 900гө жакын турист камалып калды
Перунун Мачу-Пикчу маданий эстелигинин жанында жайгашкан Агуас-Кальентес шаарында дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген 900гө жакын турист масштабдуу нааразычылык акцияларынан улам өлкөдөн чыгып кете албай жатышат. Бул тууралуу Reuters агенттиги Перунун Туризм министрлигине шилтеме берип кабарлады.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда поезддер менен туристтик автобустардын жүрүшү толугу менен токтотулган.
Буга туристтик автобустун ташууну ишке ашырган Consettur компаниясынын лицензиясынын токтотулуп, башка операторго берилгени себеп болгон. Бийлик бул чечимди мөөнөтүнүн бүтүшү менен түшүндүрсө, тургундар бул процесс ачык-айкын жана адилеттүү болгон жок деп эсептешүүдө.
15-сентябрда бийлик 1400 туристти Мачу-Пикчудан эвакуациялоого жетишкен. Бирок андан кийин жергиликтүү тургундар автобус жана поезд жолдорун таштар менен тосуп салышкан. Натыйжада, калган туристтер аймакта калып кетишкен.
Учурда Перу өкмөтү туристтердин коопсуздугун камсыздап, аларды аймактан чыгарып кетүү үчүн кошумча эвакуация аракеттерин көрүүдө.

