"Сөрөйлөр, оройлор" дейсиз". Эрулан Кокулов спикерди айткандарына жоопкерчиликтүү болууга чакырды
Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун айткан сөздөрүнө жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
"Мен сизге, тилкекке каршы, айтышым керек болуп турат. "Сөрөйлөр, оройлор" дейсиз, баягыда мага "экиге бөлгөнгө болбойт" деп айткансыз, сизге да болбойт. Урматтуу спикер, элге карата терс сөздөрдү көп айтып жатасыз. Эми сиз спикерсиз, сизге андай сөздөр жарашпайт. Сиз деген өлкөдө президенттен кийинки эле экинчи адамсыз",- деди ал.
Эл өкүлү ошондой эле спикердин Жогорку Кеңеш тарабайт деген сөзүн эске салып, ишеничи кеткенин билдирди.
Мунун алдын Тургунбек уулу Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгеси боюнча процедура жүрүп жатканын айтып, аны колдоорун билдирди. Ал өз сөзүндө депуттардардын көтөрүп жаткан демилгесин сындагандарды "саясатчы сөрөйлөр" деп атады.
Эрулан Кокулов спикерди айткандарына жоопкерчиликтүү болууга чакырды



