Венецияда сууга секирген туристтердин шаарга кирүүсүнө тыюу салынды
Италиянын Венеция шаарында 35 жаштагы англиялык жигит жана 25 жаштагы кыз Чоң Каналга секирип түшүп сүзүшкөнү үчүн 450 евро айыпка жыгылып, 48 саат бою шаарга кирүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, гондолчулардын кабарлоосу менен алар полиция тарабынан дароо аныкталып, эс алуусуна чек коюлду.
Венеция бийлиги быйыл борборго кирүүгө тыюу салынган адамдардын саны 1000ден ашканын маалымдады. Шаар башчысынын орун басары туристтик жүрүм-турумду көзөмөлдөп, Венециянын кооздугу менен аброюн сактоо маанилүү экенин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:47
2025-11-21
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















