super.kg logo
  Саясат  

"Бул жашоодо өзгөрбөгөн бир гана Куран". Спикер мурунку айткан сөзүнө түшүндүрмө берди (видео)

 

Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин таркашы тууралуу мурун айткан сөзүнө түшүндүмө берди.

"Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дейт. Мен айткан учурда мыйзам кабыл алынган эмес, президенттик шайлоонун да убактысы белгиленген эмес болчу. Кийин мыйзам менен бекитилди. Демек, өзгөртсө болот. Бул жашоодо өзгөрбөгөн бир гана ыйык Куран. Башкасынын бардыгын шартка, кырдаалга жараша өзгөртүүгө болот",- деди ал.

Мунун алдында депутат Эрулан Кокулов Нурланбек Тургунбек уулун айткан сөздөрүнө жоопкерчиликтүү болууга чакырып, анын Жогорку Кеңеш тарабайт деген сөзүн эске салды.

Жыйындын башында төрага Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгеси боюнча процедура жүрүп жатканын айтып, аны колдоорун билдирди.






Спикер мурунку айткан сөзүнө түшүндүрмө берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: