super.kg logo
  Саясат  

Исхак Масалиев: "Балбак айтса эле ишке ашабы?" (видео)

 

Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев депутаттардын сүйлөөгө жазылган кезегинин өзгөрүшүнө нааразы болуп, парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылды.

"Урматтуу төрага, биз кезекке жазылдык эле, аны эмне себептен кайра добушка коюп койдуңуз? Өзгөрүлүп кетти да, 16-болуп жазылганыбыз, 25-болуп калдык. Балбак (ред.: депутат Балбак Түлөбаев) суранганы үчүн кайра добушка койдуңузбу? Ошол тизмени кайра ордуна коюп коюңуз. Балбак айтса эле ишке ашабы?"- деди ал.

Төрага тизме бир эле Балбак Түлөбаев эмес, көпчүлүк эл өкүлдөрү сурангандыктан кайра добушка коюлганын айтты.

Жыйындын башында депутаттардын сүйлөө үчүн тизмеси таблого чыгарылган, бирок Балбак Түлөбаев кайрылган соң тизме кайрадан добушка коюлду.






Исхак Масалиев: "Балбак айтса эле ишке ашабы?"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: