super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Кыргызстандык сумочулар Азия жана Дүйнө чемпиондугунда 11 медалга ээ болушту (фото)

 

13-14-сентябрда Таиланддын борбору Бангкок шаарында сумо күрөшү боюнча Азия жана Дүйнө чемпиондугу өттү. Сумо күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы аталган иш-чарадан 11 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Азия чемпиондугунда кыргыз сумочулары жекеме-жеке жана командалык таймаштарда төмөндөгүдөй жыйынтык көрсөтүштү:

Жекелик оюндарда Надыр Рассуев (115 килограммдан жогору) жана Айкөл Зияпова (80 килограммдан жогору) күмүш медаль;
Феликс Эмирлан уулу (85 килограммга чейин), Аян Сейитбеков (100 килограммга чейин), Даниел Темирбеков (115 килограммга чейин) коло медаль.

Командалык оюндарда эркектер арасында Константин Абдула-Заде, Георгий Абдула-Заде жана Сулде Донгак күмүш медалга ээ болду. Кыргызстандын командасы япон спортчуларына гана утулду.

Аялдар арасында Даткайым Уланбек кызы, Айкөл Зияпова жана Сезимай Калмырзаева коло байгени жеңди. Бул Кыргызстандын аялдар курама командасынын тарыхындагы биринчи командалык медаль.

Ал эми дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын курама командасы төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишти:

Георгий Абдула-Заде (85 килограммга чейин) жана Сезимай Калмырзаева (18 жашка чейинки юниорлор арасындагы абсолюттук категория) күмүш медалга ээ болду. Константин Абдула-Заде (100 килограммга чейин) жана Сулде Донгак (115 килограммга чейин) коло медаль тагынды.

Аян Сейитбеков жана Айкөл Зияпова дагы татыктуу натыйжаларды көрсөтүп, 20дан ашык өлкөнүн спортчуларынын арасында 5-орунду ээледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: