Депутат Газага гуманитардык жардам берүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 17-сентябрдагы парламенттин жыйынында Газа секторуна гуманитардык жардам берүүнү сунуштады.
Эл өкүлү жардамды түз алып баруу мүмкүн эместигин айтып, ал үчүн Палестина жана Египеттин бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
"Газада абал кайрадан оорлоду. Бүгүнкү күндө аларга ар кайсы өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдар келип жатат. Биз да мамлекет катары Газага жардам беришибиз керек деп ойлойм. Буга чейин Садыр Нуркожоевич (ред.: президент Жапаров) да бул согушту айыптады.
Бүгүнкү күндө жардамды алып баруу кыйын, бирок Палестина, Египеттин бийиги менен сүйлөшүп, гуманитардык жардам жеткиришибиз керек деп ойлойм",- деп президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды депутат.




