Бишкекте 17 жаштагы кыздын эркек адамды өлтүргөнү айтылууда
Бишкекте 17 жаштагы кыз 1993-жылы туулган эркек кишиге бычак сайып, натыйжада ал каза болду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 16-сентябрда болжол менен саат 23:30 чамасында Бишкек ШИИББиге билдирүү түшкөн. Анда Коёнкөзов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде чырдан улам А. аттуу 17 жаштагы кыз С. аттуу эркек кишиге бычак сайып, ал алган жаракатынан улам каза болгону айтылган.
Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, 17 жаштагы кыз өзүнө да жаракат келтирген.
Бул факт Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда 2008-жылы туулган шектүү ооруканада жатат.
Окуяга байланыштуу бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери улантылууда.

