super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Орусиядан келген унааларды легалдаштыруу боюнча маселе көтөрдү

 

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламенттин бүгүн, 17-сентябрдагы жыйынында Орусиядан өлкө аймагына кирген унааларды мыйзамдаштыруу боюнча маселе көтөрдү.

Эл өкүлүнүн айтымында, унааларды мыйзамдаштыруу наркы кымбат жана аларды легалдаштыруу мөөнөтү аз болууда.

"Орусиядан келген унааларды мыйзамдаштыруу баасы кымбат жана мөөнөтү да аз болгондугун айтып кайрылып жатышат.

Экинчиден, кесиптештерден, Орусиянын Мамлекеттик Думасынан бул жакка бир өкүлүңөрдү жиберип, унааларды (Кыргызстандан туруп) каттоодон чыгарганга жардам бергиле деп суранып жатам",- деди депутат.

Ал эми эл өкүлү Арсланбек Эгембердиев кесиптешин толуктап, легалдаштыруу тарифин кайра карап чыгууну сунуштады. Ал буга Орусия, Абхазия жана Арменияден келген унаалардын баасы баары бирдей эместигин жүйө келтирди.

"Орусиядан келген унаалар менен Абхазиядан келген унааларды салыштырып болбойт да. Абхазия менен Армениядан келген унаалардын баары кымбат болгон. Алардын баасы 10 миң доллардан ашык. Эң эле арзаны 6-7 миң доллар. Аларга 100 миң сом сумма орчундуу болгон эмес. Ал эми Орусиядан келген унаалар - булар арзан 100-150 миң сомдук (Тико, Матиз) унаалар. Бүгүн аларды 50 миң сом төлөтүү оор. Себеби унаа өзү арзан болсо, мынча сумма төлөтүү туура эмес",- деди ал.

Эгембердиев президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңштеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтүн узартууну да сунуштады.







Депутаттар Орусиядан келген унааларды легалдаштыруу боюнча маселе көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: