Зеленский ок атышууну токтотууга байланыштуу пикирин айтты
Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинагы кырдаалды токтотууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
"АКШ президенти Трамп ок атууну токтотуу боюнча макулдашат деп үмүттөнгөнбүз. Биз ок атууну токтотууга даярбыз",- деп айтты ал британиялык Sky News телеканалына берген маегинде.
Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия Украина менен саясий маселелерди талкуулоого жана каалаган форматта иштөөгө даяр экенин билдирген. Бирок Москва Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө 2022-жылы сунушталган гуманитардык, аскердик жана саясий маселелерди карай турган үч жумушчу топ түзүү сунушуна Киевден жооп ала элек.
Ошондой эле Зеленский Орусия президенти Владимир Путиндин Москва шаарына сүйлөшүүгө чакыруу сунушун четке какканы белгиленген.

