super.kg logo

Politico: Евробиримдик Кытай компанияларын санкция тизмесине киргизиши мүмкүн

 

Евробиримдик антиорусиялык санкция пакетинин алкагында Кытайдын бир нече компанияларын санкция тизмесине киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу Politico кабарлады.

Маалыматта, Кытайдын көптөгөн юридикалык мекемелерин санкциялык тизмеге киргизүү каралып жатканы айтылат. Бул маселе боюнча жыйын 19-сентябрга белгиленди.

16-сентябрда Bloomberg агенттиги Евробиримдик өлкөлөрүнүн Орусияга каршы 19-санкция пакетин даярдап жатканы тууралуу кабар берген.

Ал эми 13-сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ Орусияга каршы күчтүү санкцияларды киргизүүгө даяр экенин, бирок ал үчүн НАТОго мүчө бардык өлкөлөр Орусиянын мунайын сатып алууну токтотушу керектигин билдирген. Ошондой эле ал Түндүк Атлантикалык альянс өлкөлөрү Кытайга каршы 50-100 пайыздык тарифтерди киргизиши зарыл экенин айткан. Трамп мындай аракет Украиндагы конфликттин тез арада бүтүшүнө жардам бере турганын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: