Трамптын Эпштейн менен түшкөн сүрөтү Виндзор сепилинде көрсөтүлдү
АКШнын президенти Дональд Трамптын Улуу Британияга жасаган мамлекеттик сапарына нааразы болгон төрт киши кармалганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алар америкалык лидер жана финансист Жеффри Эпштейндин бирге түшкөн сүрөттөрүн Виндзор сепилинин имаратында көрсөтүшкөн.
Мындан тышкары, акциянын катышуучулары Эпштейндин Улуу Британиянын падышасы Чарльз IIIтүн бир тууганы, ханзаада Эндрю менен бирге түшкөн сүрөтүн жана Трамптын бизнесмен менен достугу тууралуу айткан гезит басылмаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүшкөн.
Америкалык президент Улуу Британияга кечээ, 16-сентябрда кечинде келди. 17-сентябрда Виндзор сепилинде аны Чарльз III кабыл алат. Трамп 18-сентябрда Чекерс резиденциясында Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Эске сала кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратылуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
Трамптын Эпштейн менен түшкөн сүрөтү Виндзор сепилинде көрсөтүлдү

